Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Кой-Таш иши: Атамбаев катыша турган сот 7-октябрга жылды


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча бүгүн, 2-октябрга белгиленген жараян болгон жок. Сот мамлекеттик адвокаттын өтүнүчү менен 7-октябрга жылды. Райондук соттун катчылыгы бул тууралуу айыпталуучуларга жана алардын адвокаттарына 1-октябрдын кечинде кабарлаган.

Бул күнкү сот отурумуна Алмазбек Атамбаев өз каалоосуна ылайык катышаары мурда кабарланган.

Айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева мамлекеттик адвокат эмне себептен сотту жылдырганы белгисиз экенин «Азаттыкка» билдирди:

«Адатта, баарыбызды сотко чогултуп, камактагыларды да алып келип, андан кийин гана мындай чечим жарыяланчу. Азыр мамлекеттик адвокаттын өтүнүчүнүн себеби бизге маалым эмес».

Мамлекеттик адвокат жана жабырлануучу тарап комментарий берген жок.

Кой-Таш окуясы боюнча 30-сентябрдагы териштирүүдө адвокат Сергей Слесарев айыпталгандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди келерки жараянга алып келүү тууралуу өтүнүч берип, ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков аны канааттандырган.

Быйыл 1-июндагы жараянда сот «Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин Атамбаев сот отурумдарына катышпайт» деген чечим чыгарган. Буга Атамбаевдин жараянда айыпталуучулар менен бирге тосмонун ичинде отуруудан баш тартканы себеп болгон. Ошондой эле Атамбаев сотко катышууну каалабаганына ден соолугун жана өзүнө саясий негизде куугунтук болуп жатат негиз келтирген.

Кой-Таш окуясы боюнча сот ар аптанын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жабык каралып келатат. Жараяндарда жабырлануучу-күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам бөлүгүнүн аскерлери көрсөтмө берип жатышат. Сот «Альфанын» Кой-Таш окуясына катышкан 50дөн ашык кызматкерин жабырлануучу-күбө деп тапкан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан кармоо операциясы атайын кызматтын бир офицеринин өлүмү менен аяктаган. Ондогон киши түрдүү жараат алган.

ИИМдин Тергөө кызматы окуяга байланыштуу Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Буга чейин сот Кой-Таш ишин териштирүүнүн жана камактагылардын мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узарткан. Айыпталуучулардын дээрлик баары Кой-Таш окуясы боюнча соттун артында саясат турат деген пикирде. Ошол эле кезде жабырлануучулар жана окуяда каза болгон «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун энеси Өктөм Мамаева мындай пикирлерди жазадан кутулуу аракети катары баалаган.(NT)

XS
SM
MD
LG