Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

COVID-19: Дональд Трамп өзүн өзү карантинге алды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамптын жакын жардамчысы Хоуп Хикстен коронавирус табылды. Мындан улам Трамп өзүн карантинге алганын билдирди.

Бул тууралуу ал «Твиттерге» жазып, өзү жана жубайы Мелания тест тапшырганын, жыйынтыгын күтүп жатканын айтты.

Президенттин кеңешчиси жана улук жардамчысы Хоуп Хикс 29-30-сентябрда Трамп менен бир учакта бир канча сапарда чогуу болгон. Ал вируска чалдыкканы 1-октябрда маалым болду.

АКШ - COVID-19 вирусу эң көп тараган мамлекет. Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, бул өлкөдө 2-октябрга карата жети миллион 278 миңден ашуун киши илдетке кабылып, 208 миңге жакыны жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

Дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 34 миллион 200дөн ашты. Алардын бир миллион 21 миңден көбү көз жумду, 24 миллионго жакыны бейтап айыкты.

XS
SM
MD
LG