Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

БШКнын жумушчу тобу эки партияга эскертүү берүүнү сунуш кылды


4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун логотиби.
4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун логотиби.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) үгүт эрежелеринин сакталышы жана маалымат берүү боюнча жумушчу тобу 1-октябрда «Кыргызстан» жана «Мекенчил» саясий партияларына расмий түрдө эскертүү берүүнү сунуш кылды.

Бул тууралуу аталган жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, «Кыргызстан» партиясына карата эскертүү turmush.kg сайтына чыккан кабарга байланыштуу.

Аталган партиядан талапкер катары катталып, 21-сентябрда талапкерликтен баш тарткан «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын жетекчиси Айтмамат Назаров тизмеден чыкканга чейин «turmush» сайтында Жалал-Абаддагы Жазы-Кечүү айылына электр жарыгы берилгени тууралуу кабар чыккан. БШКнын жумушчу тобу ушул кабардан улам Назаров үгүт ишине кызматын колдонуп жиберген деген чечимге келген.

«Назаров талапкер болуп туруп «Улуттук энергохолдингдин» ишин өзүнө ыйгарып алган. «Кыргызстан» партиясынын өкүлү бул сайт менен штабдын ортосунда үгүт материалдары боюнча келишим бар экенин ырастады. Бирок партия макулдашпай туруп өз алдынча жаңылык чыгарган деп билдирген. Журналисттер маалыматты партиянын жарнама бөлүмү жибергенин айтып, далил катары аны менен жазышкан катты көрсөттү», - деди жумушчу топтун мүчөсү.

Семетей Аманбековдун маалыматына караганда, жумушчу топ «Кыргызстан» партиясына үгүт эрежелерин бузду деген негизде расмий эскертүү берүүнү БШКга сунуш кылды.

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанган Айтмамат Назаров 21-сентябрда талапкерликтен баш тарткан.

«Улуттук энергохолдингди» жетектеп келген Айтмамат Назаров шайлоо алдында кызматын өткөрүп бергенине карабай, энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышып сөз сүйлөп, анысы телеканалдар аркылуу таратылып, үгүт тартибин бузганы боюнча БШКга арыз түшкөн. Боршайкомдун жумушчу тобу 20-сентябрда арызды кароого киришкен.

«Улуттук энергохолдингдин» басма сөз катчысы Азамат Курамаев Назаров ал жакка жеке жаран катары катышканын айткан.

Ал эми «Мекенчил» партиясына карата социалдык тармактарда тараган видеороликте жашы жете электер тартылганы, Интернетте партиянын желегине ороп койгон наристенин сүрөтү, Баткенде тоодо «Мекенчил» № 2» деген жазуу эрежеге туура келбей турганы айтылды. Жумушчу топ булардын баарын бириктирип «Мекенчил» партиясына расмий эскертүү берүүнү сунуш кылды. Партия соцтармактарда тараган ролик өздөрүнө тиешелүү эмес экенин жана бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирген. Бишкектин Свердлов райондук милициясы азыр муну териштирип жатат. Наристенин сүрөтү жана Баткендеги жазуу боюнча мүчүлүштүк кетиргенин моюнга алган.

120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG