«Instagram» социалдык тармагында Кыргызстанда популярдуу болгон «One Million Kyrgyz Stories» (OMKS) көңүл ачуу долбоорунун негизги аккаунту ачылбай турат.
Ошондой эле бул долбоорду иштеткендерге тиешелүү болгон «Omks_kg», «omks_video» сыяктуу баракчалар да колдонуучулар үчүн жабык.
Бул баракчаларга катталган колдонуучулар буга дейре жарыяланган бардык видео жана башка материалдар көрүнбөй жатканын, катталуучулардын тизмеси да жок болуп кеткенин айтышууда.
«Omks_video» баракчасында акыркы жолу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы тууралуу видео жарыяланган. (NT)