Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

"Карантиндеги демократия": Кыргызстан жарым-жартылай эркин өлкө деп табылды


Кыргыз милициясы карантин учурунда. Март, 2020-жыл.
Кыргыз милициясы карантин учурунда. Март, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдөгү көп мамлекеттерде демократиялык институттар жана адам укуктары коркунучка кабылды.

Бир катар мамлекеттерде бийлик пандемияны шылтоолоп, шайлоо жараяндарына, маалымат каражаттарына жана коомдук уюмдардын ишмердигине байланыштуу чектөөлөрдү киргизди.

Бул тууралуу "Freedom House" эл аралык адам укуктары уюмунун 2-октябрда жарыялаган "Карантиндеги демократия" деп аталган баяндамасында айтылат.

Анда 91 мамлекетке анализ жасалып, 21и эркин, 39у жарым-жартылай эркин, 31и эркин эмес эмес деп сыпатталган.

Кыргызстан жарым-жартылай эркин мамлекеттердин катарында. Борбор Азиядагы башка өлкөлөр - Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан "эркин эмес" деп эсептелген.

"Freedom House" уюмунун изилдөөсүндө эркин, жарым-жартылай эркин жана эркин эмес деп табылган мамлекеттердин көрсөткүчү.
"Freedom House" уюмунун изилдөөсүндө эркин, жарым-жартылай эркин жана эркин эмес деп табылган мамлекеттердин көрсөткүчү.

Уюмдун байкоосуна ылайык, пандемия башталгандан бери демократияга байланыштуу кырдаал 80 мамлекетте артка кетти. Алардын көбү авторитардык башкаруудагы өлкөлөр.

Баяндамада коронавируска байланыштуу жагдай, илдетке каршы күрөш чаралары тууралуу ачык маалыматтардын жоктугу же аз экени, коррупция, сөз эркиндигинин чектелиши сыяктуу маселелер мисал келтирилген. Айрым мамлекеттерде чиновниктер эпидемияга каршы күрөштү шылтоолоп өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип алган.

Баяндаманын авторлору пандемияга каршы күрөштө чектөөлөрдү киргизүү кадыресе көрүнүш экенин, бирок аны кыянат пайдаланууга болбой турганын белгилешкен. (SE)

XS
SM
MD
LG