4-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун айрым тоолуу райондорунда жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал болот.
Абанын температурасы:
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 11...16,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 4...6, күндүз 19...21 градус болот. Жаан-чачын болбойт.