Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Журналисттер Ирина Славинанын өлүмүн иликтөөнү талап кылышты


Орусиядагы Маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин жана журналисттердин кесиптик кошууну Ирина Славинанын өлүмүнө терең кайгыруусун билдирди.

Билдирүүдө бул окуянын түбүндө адамды өзүн өлтүрүүгө түрткөн кылмыштын белгилери бар экени айтылып, ал иликтениши керектиги белгиленген.

Орусиядагы «Koza Press» басылмасынын башкы редактору Ирина Славина 2-октябрда Нижегород облустук милициясынын имаратынын жанында өзүнө өрт койгон. Алексей Навальныйдын штабы жана «Baza» булагы кабарлагандай, журналист эсине келбей каза тапкан.

Буга чейин Ирина Славина «Фейсбуктагы» баракчасына «менин өлүмүм үчүн Орусия Федерациясын күнөөлөгүлө» деп жазган болчу.

Славина жетектеген «Koza Press» басылмасы Нижний Новгороддун бийлигин сындаган макалаларды жарыялап келген.

XS
SM
MD
LG