Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

АКШ: Трамптын мурдагы кеңешчиси жана эки сенатордон коронавирус табылды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда президент Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Келлиэнн Конуэй коронавирус жугузуп алганын «Twitter» баракчасына жазды.

26-сентябрда ал Ак үйдө Эми Кони Барреттин талапкерлигин Американын Жогорку сотунун судьясынын кызматына сунуш кылуу боюнча салтанатка катышкандардын арасында болгон.

Буга чейин Конуэйден башка иш-чарага катышкан төртүнчү кишинин COVID-19га тапшырган тести оң натыйжа көрсөткөн.

Вирус жугузуп алгандардын ичинде президент Дональд Трамп жана анын жубайы, республикачыл эки сенатор, Нотр-Дам университетинин президенти бар экенин CNN телеканалы билдирди.

Телеканалдын маалыматына караганда, иш-чарага катышкандар алгач беткапчан келип, башталгандан кийин чечип салышкан. Айрымдар социалдык аралыкты сактаган эмес.

CNN Ак үйдүн салтанат өткөн бакчасында коноктор отурган отургучтар да жакын коюлганын кабарады.

Жалпыга маалымдоо каражаттары Конуэй президенттин башка кеңешчилери менен баарлашып жүргөнүн жазып чыгышты.

Дональд Трамп менен анын жубайы коронавирус жугузуп алганы 2-октябрда белгилүү болгон. Расмий маалыматтарда алардын абалы жакшы экени айтылган. Трамп дарыгерлердин сунушу менен Вашингтондогу Уолтер Рид атындагы Улуттук аскердик-медициналык борборго жаткырылганы, ишин аралыктан уланта берери кабарланган.

XS
SM
MD
LG