Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Шайлоого үч миллион 410 миң беткап даярдалды


Парламенттик шайлоо өтүүдө.
Парламенттик шайлоо өтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо күнүндө санитардык-гигиеналык алгоритмди иштеп чыкты. Ага ылайык добушканага кирчү ар бир адамдын дене табы текшерилет. 1,5-2 метрлик аралыкты сактоо талап кылынып, беткабы жок келгендер үчүн кошумча үч миллион 410 миң маска, тогуз миң куту нымдуу салфетка, 36 440 куту спирттүү салфетка, 10 400 литр санитайзер, эки миллион 972 миң желим мээлей даярдалды. Мындан тышкары шайлоого келген адамдарды участоктун босогосунда жеке коргоочу каражат кийген адамдар текшерип турмакчы.

Саламаттык сактоо министрлиги ждана БШК дене табы жогорулагандар саат кечки алтыдан кийин добуш берерин билдирди. Буга чейинки алгоритмде алар добушканага киргизилбей тургандыгы кабарланган.

4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо коронавирус пандемиясынын шартында өткөнү жатат. Шайлоого 16 партия ат салышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG