Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Ошто кошумча шайлоо участогуна журналисттер киргизилген жок


Оштогу шайлоо участокторунун бири. 4-октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Оштогу шайлоо участокторунун бири. 4-октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында №5912 шайлоо участогуна журналисттердин киришине тыюу салынды. Өзүн добуш берүү участогунун мүчөсү катары тааныштырган адам жогору жактан ушундай тапшырма берилгенин билдирди.

Аталган шайлоо участогу кошумча түзүлгөн. Анда негизинен студенттер добуш берери буга чейин Интернетте кабарланган. Бүгүн добуш берүүгө да негизинен студенттер келип жатышканы байкалды.

Ош шаарында жалпы 86 добушкана бар. Алардын ичинен 10 шайлоо участогу кошумча ачылган. (DU)

XS
SM
MD
LG