Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 14:20

Баткенде шайлоочулардын 6,3% добуш берди


Парламенттик шайлоо.

Баткен облусунда күндүн биринчи жарымында, саат 10го чейин 17 796 шайлоочу добуш берди. Жалпы шайлоочулардын саны - 284 265 адам.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча Баткен районунда 2127, Баткен шаарында 688, Кадамжай районунда 7192, Кызыл-Кыя шаарында 2303, Лейлек районунда 4691, Сүлүктү шаарында 795 киши добушканаларга барышкан.

Парламенттик шайлоо күнү Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин жетиничи чакырылышынын мандаттары үчүн 16 партия ат салышууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG