Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

«Жалпы иш» фонду: Шайлоодо эреже бузулган он учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары шайлоодогу эреже бузуу боюнча участкалык комиссияларга он арыз жазып жөнөтүштү. Бул тууралуу фонд саат күндүзгү 12де тараткан маалыматта айтылат.

Анда белгиленгендей, шайлоо бекеттеринин кеч ачылышы, участкалык комиссиялардын ролун бөлүштүрүү үчүн чүчүкулак өткөрүлбөгөнү, бюллетендер кол менен саналбаганы сыяктуу анча орчундуу эмес процессуалдык эреже бузуу Бишкектеги, Баткендеги жана Чүйдөгү айрым бекеттерде байкалды.

«Жалпы иш» фонду Кыргызстандын бардык аймактарына 300 туруктуу байкоочусун, 58 көчмө тобун жана сегиз юристин жөнөткөн.

Жалпысынан, фонд белгилегендей, шайлоо жараяны тынч башталды, эреже бузуу анча орчундуу эмес жана байкоочулар тоскоолдуксуз иштеп жатышат.

Бүгүн Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүүдө. Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 16 саясий партиядан эки миңден ашуун талапкер ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу көз салып жатат.

Алар 33 эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн келишкен. Мындан тышкары 77 жарандык коомдун жана шайлоодо ат салышып жаткан 16 саясий партиянын байкоочулары да добушканаларда жараянга байкоо жүргүзүүдө. Байкоочулар БШКнын каттоосунан өтүшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG