Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Орусия: өзүн өрттөгөн журналистти эскерген такта алып салынды


Ирина Славина өзүн өрттөгөн жер. Нижный Новгород.
Ирина Славина өзүн өрттөгөн жер. Нижный Новгород.

Орусиянын Нижний Новгород шаарында ички иштер башкармалыгынын имаратынын жанында өзүн өрттөп көз жумган журналист Ирина Славинаны эскерген тактаны алып салышты. «Коммерсантъ» басылмасынын маалыматына караганда, ал жерде полиция күзөттө турат. Мындай көрүнүшкө нааразы болгон айрым шаар тургундары бийликти «болуп өткөн окуяны унуткарууга аракет кылып жатат» деп сындашууда. Славинанын жакындары журналист каза болгон жерге гүл алып келүүгө чакырышууда.

Орусиянын Тергөө комитетин Ирина Славинанын өлүмү боюнча иликтөөнү баштаган.

Нижний Новгород шаарындагы «Koza Press» басылмасынын башкы редактору Ирина Славина 2-октябрда Нижегород облустук милициясынын имаратынын жанында өзүнө өрт койгон. Андан журналист эсине келбей каза тапкан.

Буга чейин Ирина Славина «Фейсбуктагы» баракчасына «менин өлүмүм үчүн Орусия Федерациясын күнөөлөгүлө» деп жазган болчу.

Славина жетектеген «Koza Press» басылмасы Нижний Новгороддун бийлигин сындаган макалаларды жарыялап келген.

XS
SM
MD
LG