Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Казакстанда активист Маргулан Боранбай үй камагына чыкты


Нур-Султан шаары.
Нур-Султан шаары.

Казакстандын Алматы район аралык тергөө соту активист-блогер Маргулан Боранбайдын бөгөт чарасын аныктап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына Боранбайдын адвокаты Ануар Байдаров кабарлаган. Анын айтымында, тилкат менен аймактан чыкпоо шарты менен камактан бошотууну суранган.

Социалдык тармактарда улутчу көз караштагы билдирүүлөрү менен белгилүү болгон активист 2-октябрда кармалган болчу. Ал «Улут аралык кастыкты козутуу», «Мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга үгүттөө» беренелери боюнча шек саналып жатат.

Бир апта мурда орусиячыл блогер Эрмек Тайшибеков кармалган. Мындан улам айрымдар «Москванын ачуусуна тийбеш үчүн улутчул көз караштагы Боранбаев да камакка алынды» деген пикирлерди айтып жатышкан.

XS
SM
MD
LG