Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Актёр Бектемир Мамаюсупов бюллетенди сүрөткө тартып кармалды


Бектемир Мамаюсупов.
Бектемир Мамаюсупов.

Сокулук районундагы Новопавловка айылында жайгашкан №1003 шайлоо тилкесинде добуш берген бюллетенин сүрөткө тартып жаткан жеринен актёр Бектемир Мамаюсупов байкоочуларга кармалды.

Ал сүрөттү «өзү үчүн» тартып жатканын айтканы менен бюллетени жараксыз болуп, шайлоо мыйзамын бузгандыгы тууралуу акт түзүлдү. Анда актёрдун «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бергени жазылды. Бюллетенди сүрөткө тарткандарга 10 миң сом айып пул салынат.

4-октябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоочулар бюллетендерди сүрөткө тарткан бир нече учур катталды.

Буга чейин мынадй учурлар Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Ош облустарында да видеого тартылып, социалдык медиага тараган.

Бектемир Мамаюсупов «Салам Нью-Йорк», «Мекен» тасмаларында башкы ролдо ойногон.

Жетинчи чакырылыштагы парламентке 16 партиядан эки миңге чукул талапкер ат салышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG