Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 17:24

Москвада жүздөй шайлоочу добуш бере алган жок


Москва. Добуш бергени келген кыргызстандыктар. 2020-жылдын 4-октябры.

Москвада парламенттик шайлоо күнү добуш бергени барган жүз чакты кыргызстандык өзүн тизмеден тапкан жок. Бул тууралуу “Азаттыктын” Орусиядагы кабарчысы маалымдады.

Шаарда жалпысынан үч участок иштеп жатат. Тизмеде 9 миңден ашуун шайлоочу бар. Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө карата алардын 2,5 миңдейи добушун берди. Ал эми жүзгө жакыны тизмеде жок болгондуктан, добушун бере алган жок.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Орусияда 17 миң кыргызстандык жаран шайлоочулардын тизмесине кирген, алардын тогуз миңдейи Москвада.

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат. (LzT/RK)

XS
SM
MD
LG