Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, төрт партия 7% босогодон өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 21:30га карата жыйынтыгы төмөнкүчө:
«Биримдик» - 24,85%;
«Мекеним Кыргызстан» - 24,33%;
«Кыргызстан» - 8,9%;
«Бүтүн Кыргызстан» - 7,22%;
«Мекенчил» - 6,95%;
«Республика» - 5,93%;
«Ата Мекен» - 4,1%;
«Ыйман Нуру» - 3,42%;
«Бир Бол» - 3,08%;
«Чоң Казат» - 2,37%;
«Замандаш» - 2,19%;
«Социал-демократтар» - 2,15%;
«Реформа» - 1,65%;
Мекен Ынтымагы - 0,64%;
«Ордо» - 0,22%;
"Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" - 0,18%;
Баарына каршы добуш бергендер 1,82% түздү.
Бул акыркы эсеп эмес, добуш саноо уланууда.
Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.
Баштапкы маалымат боюнча шайлоочулардын 45% ашууну добуш берүүгө катышты.
Шайлоодо өлкө боюнча 2430, чет мамлекеттерде 45 добушкана иштеди.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катышуу укугу берилген жок. (SE)