Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Матраимов: Шайлоо Oшто ыпылас өттү (видео)


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын штаб жетекчиси Искендер Матраимов «Азаттык» радиосуна парламенттик шайлоо айрыкча Ош шаарында өзгөчө ыплас өткөнүн айтты.

«Биринчиден, азырынча биз шайлоонун жыйынтыгына кубана элекпиз. Себеби, санак дагы эле уланууда. Протоколдор толук чыга элек. Ал эми шайлоо учурунда социалдык медиада деле күбө болдук, Ош шаарында өзгөчө ыплас учурлар катталды. Мунун баарын ким кылганын айта албайм. Биз айрым участоктордо алдын ала божомолубузга караганда көбүрөөк добуш алмакпыз», - деди ал.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча саат 21:30га карата «Биримдик» партиясы 24%, «Мекеним Кыргызстан» партиясы 24,01% менен алдыда келе жатат. Үчүнчү болуп «Кыргызстан» партиясына добуш бергендер саналууда, алар 8,78% түздү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 7,04% добуш алды. (BCh/TSh)

XS
SM
MD
LG