Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Ошто «Реформа» партиясынын лидерине кол салуу болду


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Ош шаарында шайлоо бекетинде «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкуловага кол салуу болду. Бул тууралуу ал 4-октябрда «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, окуя Ош шаарынын Он-Адыр конушунда болду.

Сооронкулова шайлоо участокторунда кылмыштуу топтордун өкүлдөрү турганын белгилеп, «бул жерде бийлик да, мамлекет да, милиция да жок экен» деген тыянакка келгенин, акча айдан ачык эле таратылганына күбө болгонун кошумчалады:

«Байкоочулар менен сүйлөшүп турсам Умарова деген аял келип калды. Комиссиянын катчысы окшойт. Мен талапкер экенимди айтып, күбөлүгүмдү көрсөттүм. «Акыңыз жок» дей баштады. Камерага тартып жатсам бирөө келип, колго чапты. Бирок телефонумду эптеп кармап калдым. «Сен кимсиң?» десем, эч кандай документ көрсөтө алган жок. Баарын ошол көзөмөлдөп жатты, ары-бери басып. Иши кылып, телефонумду тартып алууга аракет кылды. Баары мени кысымга алып, участоктон сүрүп чыгышты. Тепкичтен кулап кете жаздап, калганын тарта албай калдым. Милиция карап турду, бирөө кайра «Айдагыла муну!» деп кыйкырып жатты».

Сооронкулова окуянын видеосун тиркеп, милицияга арыз жазарын билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Баштапкы маалыматтарга караганда, «Реформа» партиясы парламентке өтө алган жок.

Шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров мыйзам бузуу фактылары болгонун белгилеп, бирок алар шайлоонун жыйынтыгына таасир этпей турганын «Азаттыкка» билдирди. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG