Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:03

Шайлоонун саат 23:00гө карата алдын ала жыйынтыгы жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) саат 23:00гө карата маалыматы боюнча, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду.

Бул маалыматка караганда, бүгүнкү парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,53%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,74%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,09% алып, жети пайыздык босогодон өттү.

«Мекенчил» партиясында добуштардын 6,85%, «Республикада» 5,81%, «Ата Мекенде» 4,04%, «Ыйман Нурунда» 3,35%, «Бир Болдо» 3,03%, «Чоң Казатта» 2,33%, «Замандашта» 2,15%, «Социал-демократтарда» 2,12%, «Реформада» 1,63%, «Мекен Ынтымагында» 0,63%, «Ордодо» 0,22% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,17% добуш бар.

Добуш бергендердин 1,8% баарына каршы добуш беришти. (RK/BTo)

XS
SM
MD
LG