Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

«Республика»: шайлоонун баштапкы жыйынтыгы күмөндүү


«Республика» партиясынын үгүт маалындагы баннери. Сентябрь, 2020-жыл.
«Республика» партиясынын үгүт маалындагы баннери. Сентябрь, 2020-жыл.

«Республика» партиясынын өкүлдөрү 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы күмөндүү деп эсептейт. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин аталган партиянын лидери Мирлан Жээнчороев, талапкерлер Алтынай Өмүрбекова жана Руслан Казакбаев журналисттерге маалымат беришти.

Алар шайлоодо мыйзам бузулганын айтышты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы күмөндүү экенин, партия аны тааныйбы же жокпу бардык добушканалардан протоколдор келип, акыркы маалымат чыккандан кийин жарыялай турганын билдиришти.

Партия лидери Мирлан Жээнчороев бүткүл республика боюнча добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу, шайлоочуларды ташуу, добуш берүү эрежесинин бузулганы боюнча фактылар тиешелүү органдарга жибериле турганын айтты.

«Эбегейсиз, массалык түрдө акча таратуу боюнча фактыларды айтып атышат. Алардын баарын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен укук коргоо органдарына жиберебиз», - деди Жээнчороев. Ал шайлоонун алдында оппозициялык партиялар келишим түзүлгөнүн, шайлоодо «Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана башка оппозициялык маанайдагы партиялардын байкоочулары жер-жерлерде чогуу иштешкенин, азыр ошол материалдар менен өз ара алмашып жатышканын маалымдады.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда, бүгүнкү парламенттик шайлоодо ат салышкан 16 партиянын төртөө гана босого чектен өттү.

«Биримдик» партиясы добуштардын 24,53%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,74%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,09% алып, жети пайыздык босогодон өттү. «Мекенчил» партиясында добуштардын 6,85%, «Республикада» 5,81%, «Ата Мекенде» 4,04%, «Ыйман Нурунда» 3,35%, «Бир Болдо» 3,03%, «Чоң Казатта» 2,33%, «Замандашта» 2,15%, «Социал-демократтарда» 2,12%, «Реформада» 1,63%, «Мекен Ынтымагында» 0,63%, «Ордодо» 0,22% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,17%. Добуш бергендердин 1,8% баарына каршы добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG