Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:45

БШК: Шайлоонун жыйынтыгына ишендире турган бардык каражаттар камсыздалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) добуш берүү күнүндөгү мыйзам бузуу тууралуу арыздар келип түшүүдө. Эгер алар тастыкталса, тийиштүү чечимдер кабыл алынат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгынан күмөн санабаш үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

«Ар бир автоматтык эсептөөчү урнадан алдын ала жыйынтык жарыяланып турат. Ар бир байкоочу биздин таблицадагы маалыматты ошол урнадагы маалымат боюнча отчёт менен салыштырып көрө алат. Ошентип, өзүңүздөр көрүп тургандай, шайлоонун жыйынтыгына ишениш үчүн бардык каражаттар бар. Бирок, мен жогоруда айткандай, биз бардык арыздарды карап чыгабыз жана алар боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынат».

БШКнын саат 23:30га карата маалыматы боюнча, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду.

Бул маалыматка караганда, бүгүнкү парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү.

«Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата-Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар.

Добуш бергендердин 1,8% баарына каршы добуш беришти. (RK)

XS
SM
MD
LG