Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

«Замандаш» шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди


БШКнын алдын ала жыйынтыгы менен парламенттик шайлоодо жети пайыздык босогону өтө албай калган «Замандаш» партиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу партиянын штабында басма сөз жыйынында «Замандаштын» лидери Жеңиш Молдокматов билдирди. Анын айтымында, шайлоодо добуштарды сатып алуу массалык мүнөздө болуп, жыйынтыгы ишеним жаратпайт.

«Шайлоонун жыйынтыгын «Замандаш» партиясы тааныбайт. Парламентке административдик ресурс жана добуш сатып алган партиялар келди», - деди Молдокматов.

Ал ошондой эле парламентке өтпөй калган партиялар оппозициялык блокко биригиши керек экенин, анын курамына «Замандаш» да кирерин кошумчалады.

Партия тизмесинен ат салышкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев «таза шайлоону бийлик уюштуруп бере албаганын» белгилеп, акыркы добуш берүүнү «Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас шайлоо» деп атады.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. БШКнын алдын ала жыйынтыктары боюнча, бүгүнкү парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү.

«Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% добуш бар.

Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти. (BkA)

XS
SM
MD
LG