Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 15:13

«Бир Бол» шайлоо жыйынтыгын тааныбайт


"Бир Бол" партиясынын талапкерлери

«Бир Бол» партиясынын тизмесин баштап чыккан Алмамбет Шыкмаматов бул жолку парламенттик шайлоодо жалпысынан «40-50% ашык добуш уурдалганын» партиянын мүчөлөрү уюштурган басма сөз жыйынында билдирди.

Ал жалпы добуш берген 1,9 млн. кишинин басымдуу бөлүгү коркутууга кабылганын, административдик ресурс ашкере колдонулганын баса белгиледи. Бийликтин коррупция менен күрөшүү тууралуу айткандарын төгүнгө чыгарды.

«Тарыхта болуп көрбөгөн, ачыктан ачык, «билгениңерди кылгыла, эл эч нерсени чечпейт, эл мал» деген мамилени бүгүн бийлик жасады. Ошондуктан «Бир Бол» партиясы бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Бул шайлоо легитимсиз. Бул шайлоо эмес, добуштарды уурдап алуу жана бийликти менчиктештирип, узурпация кылды», - деди Шыкмаматов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Ал эми «Бир Бол» партиясы 3% көбүрөөк добуш алды.

Акыркы жыйынтыкты БШК бюллетендерди кол менен эсептеп бүткөндөн кийин чыгарышы керек.

БШК саат 23:30га карата маалыматы боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду.

Маалыматка караганда, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү.

«Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар.

Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG