Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Оппозиция 5-октябрда элди митингге чыгууга чакырды


Эки партиянын талапкерлери. Солдон оңго Сейтек Качкынбаев, Жанарбек Акаев, Мирлан Жээнчороев, Элвира Сурабалдиева, Руслан Казакбаев.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан «Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын талапкерлери дүйшөмбү, түнкү бирде орток басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар 5-октябрда кыргызстандыктарды Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына саат 14.00гө тынчтык акциясына чакырышты.

«Олигархиялык топтордун, криминалдардын, уурулардын парламентке келишине жол бербешибиз керек. Ошондуктан ушул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча эртең бүтүндөй кыргызстандыктарды чакырабыз», - деди «Ата Мекендин» тизме башындагы талапкери Жанарбек Акаев.

«Уурдалган арам акчаны эл арасына бүлүк салып жумшагандарды эртең БШКга далилдеп бергибиз керек. Ошондуктан эртең Кыргызстандагы Опера жана балет театрынын астына чакырабыз», - деди «Республиканы» баштаган Мирлан Жээнчороев.

«Кыргыздын тарыхындагы эң ыплас шайлоо өттү. Азыркы бийлик байлардын, базаркомдордун, криминалдын барымтасында калды. Уурулардын барымтасында калды. Мындай шайлоого биз макул болбошубуз керек», - деди Рыскелди Момбеков.

Бийлик органдары азырынча бул билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү.

Акыркы жыйынтыкты БШК бюллетендерди кол менен эсептеп бүткөндөн кийин чыгарышы керек. (MTo)

Пикирлерди көрүңүз (35)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG