Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Азербайжан ракеталык аткылоо үчүн Арменияны күнөөлөдү


Тоолуу Карабак. 1-октябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабак. 1-октябрь, 2020-жыл.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 5-октябрга караган түнү ири электрстанциясы жайгашкан Мингечвир шаарындагы ракеталык аткылоо үчүн Арменияны күнөөлөдү.

Азери президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Хикмет Гажиев Бакуга жакын Хызы шаары жана Апшерон району да аткылоого туш болгонун билдирди.

Бул аймактар жаңжал болуп жаткан Тоолуу Карабактан кыйла алыс. Азербайжан прокуратурасынын маалыматына караганда, Мингечвир шаарын көздөй үч ракета атылып, үч тургун жаракат алган.

Жекшембиде эртең менен Гянжа шаарын да чабуул болуп, бир адам өлгөн. Муну армян күчтөрү моюнга алып, Азербайжандын аскердик аракетине жооп кайтарганын айткан.

Армениянын Коргоо министрлиги жана эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак жетекчилиги бул аткылоолорго тиешеси жоктугун билдирип, муну "Бакунун чагымы" деп сыпаттады.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан 100дөн ашык адам, анын ичинде жайкын тургундар мерт болгону кабарланган.

Буга чейин БУУ, Европа Биримдиги баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө жаатташкан тараптарды Тоолуу Карабактагы согуш аракеттерин тезинен токтотууга чакырышкан.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG