Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Беларус: миңдеген киши саясий туткундарды колдоп акцияга чыгышты


Минск шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.
Минск шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.

Беларустун башкалаасы Минск шаарында 4-октябрда Александр Лукашенконун бийлигине каршы акциялар уланды. Анын катышуучулары бийликке каршы буга чейинки нааразылык акцияларында камакка алынгандарды, саясий негизде абакта отургандарды бошотууну талап кылышты.

Оппозициялык маанайдагы "Nexta" каналы акцияга 100 000дей киши катышканын, полиция аларды кууп-таратуу үчүн суу бүркүүчү техникаларды колдонгону кабарлады.

Күч органдары Минскинин борборун курчап, айрым метростанциялары жабылганы, шаардын бул бөлүгүнө баруу элге кыйынчылык жаратканы кабарланды. Акциялар Брест, Гродно, Гомель, Могилев жана башка шаарларда да өттү.

"Весна" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, өлкө боюнча акцияга чыккан 200дөн ашык киши кармалды. Окуяларды чагылдырып жүргөн 17 журналист да кармалып, анын он экиси полиция документтерин текшергенден кийин кое берилген.

Беларуста бийликке каршы акциялар президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан бери токтой элек.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко акыркы шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаганы менен, беларус оппозициясы анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Андан бери өлкөнүн баш калаасы Минск баштаган бир нече аймактарында оппозициянын тарапкерлери нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Бул акцияга чыккандарды милиция күч менен таратып, айрым катышуучуларды кармап жатат. Бир катар Батыш өлкөлөрү Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG