Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Коронавирус 207 адамдан жаңы аныкталды


Коронавирустун көрсөткүчү эки күндөн бери 200 адамдан жогору болууда.
Коронавирустун көрсөткүчү эки күндөн бери 200 адамдан жогору болууда.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча 5-октябрга карата коронавирус илдети дагы 207 адамдан аныкталды. COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы 47 635 болду. Алардын 43 521и айыгып чыкты, алардын 103ү - акыркы суткада айыгып чыккандар. Расмий эсеп менен 1066 адам бул оорудан көз жумду. Акыркы суткада өлүм катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын ичинде медициналык тогуз кызматкер катталды. Жалпы 3327 медицина кызматкери вирусту жуктуруп, 3059у айыкты.

Азыркы тапта стационардык тартипте 1123 бейтап, амбулатордук тартипте 1470 бейтап дарыланууда. Парламенттик шайлоо күнү Баткен облусунда бир адамдын дене табы көтөрүлүп, добушканага киргизилбей, ооруканага жаткырылган эле.

Борбордук шайлоо комиссиясы дене табы жогорулап турган адамдар кечкисин өзүнчө добуш бере аларын билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG