Талас шаарынын мэриясы жана облустук администрация тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу «Республика» партиясынан талапкер болгон Кубат Болотканов билдирди:
«Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү, шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон эл музыкалык драма театрынын алдына чогулдук. Бирок бул жерде жарык бербей коюшту».
Тынчтык митингине «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Реформа», «Социал-демократтар» партияларынан 300гө жакын адам чогулду.
Талас облусунда 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясы 21,72%, «Биримдик» 19,21%, «Республика» 19,15% добуш алган.
Шайлоо күнү облуста №2 форма менен добушканага барган шайлоочулар узун кезекке туруп, бир нече мыйзам бузуу да катталган.
Шайлоонун эртеси оппозиция митингге чыкты
Бишкектеги Опера жана балет театрынын имаратынын жанында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жокко чыгарууга чакырган митинг өттү. Ага "Ата Мекен", "Республика" жана "Замандаш", "Бир Бол" партияларынын лидерлери, өкүлдөрү катышты. Алар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылып, ага бир күч менен катышарын билдиришти.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жаткан митингде кайрадан чуу чыкты. Трибунада "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков сүйлөп жатканда "Чоң казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев микрофонду тартып алууга аракет кылды. Ортодо кайым айтышуу чыгып, ага сөз берилген жок.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына макул эмес саясий партиялар катышып жаткан "Ала-Тоо" аянтындагы митинг уланууда. Анда сүйлөгөн "Ата Мекен" партиясынан талапкер Элвира Сурабалдиева митинг мөөнөтсүз экендигин белгиледи.
"Биздин артыбызда милиция кайтарып турат. Алар суу толтурулган минометтор менен аткылап, иттер менен кубалоо буйругун алууда. Элдин укугу тебеленип жатса, мыйзамсыз шайлоону жеңдик деп ресторандарда тойлоп жатат. Ушул туурабы?", - деди саясатчы.
Митингчилер шайлоо калыс эмес жана ыплас өткөнүн белгилеп, элди жер-жерлерде мыйзам чегинде каршылык билдирүүгө чакырып жатышат. "Шайлоо жокко чыксын!", "Бандиттин жана коррупционердин орду түрмөдө!", "Күрөш башталды!" "Туугандашкан система Бакиевдин бийлигинен ашып кетти!", "Шайлоонун алдында биригишибиз керек эле, азыр да кеч эмес" деген ураандар айтылууда.
Митингге "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш", "Бир Бол", "Реформа", "Ордо", "Чоң казат", "Социал демократтар", "Мекен ынтымагы" партияларынын лидерлери, тарапкерлери катышууда.