Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Беш партия шайлоонун тыянагына каршы бириккенин жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышкан дагы бир нече саясий партия биригип, бул жараянды мыйзамсыз деп табууну чогуу талап кылмай болушту. Бүгүн 5-октябрда «Реформа», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру» жана «Ордо» партиялары бириккенин жарыялашты. Алар Бишкектин борбордук аянтында нааразылык акциясына чыгарын билдиришти.

«Мекен Ынтымагынын» лидери Темирбек Асанбеков өз сөзүндө: «Эгерде бул багыт менен кете берсек Кыргызстандын келечеги болбойт. Ошондуктан баарыбыз биригип, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз», деп айтты.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. Ага катышкан 16 партиянын арасынан төртөө жети пайыздык босогодон өттү. «Биримдик» партиясы эң көп (24,5%) добушка ээ болду. Андан кийин «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алды.

Бул жолку шайлоодо форма №2 менен шайлоо дарегин өзгөртүп добуш бергендер жарым миллионго жакын болду. Байкоочулар муну «добуш сатып алууга негиз түзгөн жагдай болду» деп баалап жатышат. Ошондой эле шайлоочулардын добушун сатып алуу сыяктуу көрүнүш көп катталганы белгиленүүдө.

5-октябрга караган түнү «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары да орток басма сөз жыйынын өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, аны жокко чыгаруу максатында 5-октябрда түштөн кийин митингге чыгарын жарыялашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG