Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына каршы төрт партия митинг өткөрүп жатат


Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылардын акциясы өтүп жатат. Анын катышуучулары шайлоо таза өтпөгөнүн, добуштар сатылып алынганын белгилеп, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Трибунага чыгып сүйлөп жаткандардын арасынан «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа» партияларынын өкүлдөрүн көрүүгө болот. Бул партиялардын өкүлдөрү митингде шайлоо тыянагына каршы бириккенин дагы бир жолу жарыялашты. Алар башка партияларды да өздөрүнө кошулууга чакырышты.

Мындан тышкары акцияда «Мекенчил» партиясынын өкүлү Мелис Аспеков президентти «шайлоону таза, адилеттүү өткөрө алган жок» деп айыптады.

Митингде «Президент кетсин», «Матраимов камалсын», «Биримдик» кетсин» деген ураандар айтылууда.

Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

4-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясына чогуу чыгарын «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары билдиришкен. «Бир Бол» партиясы да оппозициялык блокко кошуларын маалымдаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясы жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (RK/BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG