Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Орусияда камактагы мурдагы губернатордун уулу кармалды


Cергей Фургал.

Орусиянын Хабаровск облусунда полиция мурдагы губернатор Сергей Фургалдын уулу Антон Фургалды кармады. Орусиядагы бир катар медиа каражаттарынын маалыматы боюнча, ага карата уруксатсыз нааразылык акцияларын уюштуруу үчүн административдик иш козголгон. Баштапкы маалымат боюнча кенже Фургал элди мыйзамсыз акцияга чыгууга чакырган деп айыпталууда.

Антон Фургалдын атасы, Хабаровск облусунун мурдагы губернатору Сергей Фургал 15 жыл мурдагы киши өлтүрүү ишине байланыштуу айыпталып, камакка алынган. Андан бери Хабаровскиде оппозициянын акциялары өтүп кетет. Фургал өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда. Ал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири.

XS
SM
MD
LG