Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:51

Жанарбек Акаев: Азыр бийлей турган эмес, ыйлай турган учур


Жанарбек Акаев. Архивдик сүрөт.
Жанарбек Акаев. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган партиялардын митингинде Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын шайлоо тизмесин жетектеген Жанарбек Акаев азыр ыйлай турган учур болуп жатканын белгиледи:

«Буларды жокко чыгарышыбыз керек. Контрабандисттер, уурулар, «ака-укалар», куда-сөөктөр парламентти ээлеп алды. Кайра шайлоо! Кайра шайлоо! Кайра шайлоо кылышыбыз керек. Уурулар, туугандашкан жана кландашкан система шайлоого катышпашы керек. Элибизди сатып алышты. Мындай бийлик, мындай парламент кетсин! Эмне үчүн бийлик буга жол берди? Бүгүн Башкы прокуратура 25 мыйзам бузуу катталганын айтты. Бул күлкү да! Мына, Алай районунда беш миңден ашык адамды каттатышты. Ушундай арам, ыплас шайлоодон кийин бийлей турган эмес, ыйлай турган учур».

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. 16 партиянын төртөө жети пайыздык босогодон ашты. Социалдык түйүндөрдө бул күнү адамдарды топ-тобу менен ташып добуш бердирткен, акча тараткан учурлар тартылган видеолор, сүрөттөр тарап жатты.

Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин Интернетте «Анжиян полькасына» бийлеп, майрамдап жаткан партиянын өкүлдөрүнүн видеосу тараган болчу.

Шайлоону уюштуруу үчүн жооптуу болгон вице-премьер-министр Акрам Мадумаров мыйзам бузулган учурлар болгонун, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир бере албай турганын «Азаттыкка» билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги шайлоону калыс өткөрүш үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүп бергенин айтууда.

Ушу тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды. (RK)

XS
SM
MD
LG