Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Азербайжан жана Армения бири-бирин шаарларды аткылоо үчүн айыптоодо


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Тоолуу Карабактагы куралдуу чатакта Азербайжан жана Армения бири-бирине ракетадан аткылоо үчүн айыптап жатат. Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги 4-октябрда баш калаасы Степанакерт, анын жанындагы Шуши шаары үч күндөн бери ракетадан жана артиллериядан аткыланып жатканын кабарлады. Армения колдогон бул аймак жайкын тургундардын өмүрү кыйылып, жарадарлар да бар экенин жана бир топ имарат кыйраганын билдирди.

Ошол эле кезде Азербайжандын Коргоо министрлиги армян күчтөрүн «өлкөнүн экинчи ири шаары - Гянжаны ракета жана артиллерия менен бутага алып, чабуул коюп жатат» деп айыптады.

Азери бийлиги жекшембиде кечинде Мингячевир шаарын көздөй үч ракета атылганын билдирди. Расмий Баку анын жыйынтыгында беш жайкын тургун жарадар болгонун кабарлоодо.

Азербайжан Армениянын азери шаарларын аткылап жатканын «ачык чагым» деп атады жана ага тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. Бул аймакта кырдаал 27-сентябрдан бери кырдаал курчуп, куралдуу кагылышуу уланып жатат.

Согуш башталгандан бери 200дөн ашык адам каза болду. Окко учкандардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн, анткени Баку канча аскерин жоготкону тууралуу расмий маалымат бербей жатат.

БУУ баштаган эл аралык коомчулук Азербайжан менен Армения жетекчилигин атышууну токтотуп, тезинен сүйлөшүү өткөрүүгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG