Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:02

Өкмөт: Өз оюн билдирип чыккандарга жолтоо жок, бирок баары мыйзам чегинде болушу зарыл


Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы абал тиешелүү органдардын көзөмөлүндө. Бул тууралуу «Азаттыкка» вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Ал аянтта канча киши чогулуп турганын айта албай турганын белгилеп, күч түзүмдөрү жана башка мамлекеттик органдар өз жумушун аткарып жатканын белгиледи.

Өкмөт мүчөсү элдин коопсуздугун камсыз кылуу, тынчтыкты сактоо негизги бирден бир милдет экенин кошумчалап, тийиштүү тараптар ишин жүргүзүп жатканын, өз оюн билдирүүнү каалаган тарапка жолтоо болбосун, бирок баары мыйзам чегинде болушу керек экенин айтты.

Ушу тапта аянтта парламенттик шайлоого катышып, бирок жети пайыздык босогодон өтө албай калган сегиз саясий партиянын лидерлери жана тарапкерлери катышкан митинг өтүп жатат. Анда сүйлөгөндөр шайлоодо добуш сатып алуу көп болгонун, бийлик буга чара көрбөгөнүн, парламентке «уурулар жана аткезчилер» өткөнүн айтып жатышат.

Шайлоону уюштуруу үчүн жооптуу болгон вице-премьер-министр Акрам Мадумаров мыйзам бузулган учурлар болгонун, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир бере албай турганын «Азаттыкка» билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги шайлоону калыс өткөрүш үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүп бергенин айтууда.

Аянтта эл көп чогулганын көрүүгө болот. Бирок так санын расмий органдар айта элек. «Азаттык» шаардык милицияга кайрылып, жооп ала алган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG