Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:13

Бишкектин Эски аянтына куралчан күч кызматкерлери чогулууда


Эски аянт. 2020-жылдын 5-октябры.
Эски аянт. 2020-жылдын 5-октябры.

Бишкектин Эски аянтында, Өкмөт үйүнүн алдында атайын кийимчен күч кызматкерлери жана атайын техника тизилип турат. "Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдагандай, айрымдарынын колунан желим ок атуучу куралды көрүүгө болот.

Айрым милиция кызматкерлери Тарых музейинин артындагы бактардын арасында отурат.

Эски аянт. 2020-жылдын 5-октябры.
Эски аянт. 2020-жылдын 5-октябры.

Бир нече автобустун ичинде жана Кыргыз мамлекеттик драма театрынын капталында да милиционерлер отурганын көрүүгө болот. Ички иштер министрлиги бул аракеттерге расмий комментарий бере элек.

Эски аянт.
Эски аянт.

Ушу тапта Ала-Тоо аянтында 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат.(AiB/RK)

XS
SM
MD
LG