Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Нобел сыйлыгынын медицина боюнча лауреаттары аныкталды


2020-жылдагы медицина жана физиология боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты болуп С гепатитин дарылоону ойлоп тапкан окумуштуулар жарыяланды. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо салтанаты Швециянын борбору Стокгольмдо өттү. Ага ылайык, кадыр-барктуу сыйлыктын быйылкы лауреаты болуп америкалык окумуштуулар Харви Олтер, Чарльз Райс жана британиялык Майкл Хоутон аныкталды.

Нобел комитети жарыялаган билдирүүдө бул окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн жардамы менен өнөкөт гепатитти пайда кылган себептер аныкталганы жана миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калган жаңы дарылар өндүрүлгөнү айтылат.

85 жаштагы Харви Олтер - америкалык вирусолог жана инфекционист. Ал АКШдагы Саламаттык сактоо боюнча улуттук институтта жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Майкл Хоутон Канададагы Альберт провинциясындагы Вирусология институтунда иштейт. Ал эми Чарльз Райс болсо Нью-Йорктогу Рокфеллер университетинин вирусология боюнча профессору.

Медицина тармагындагы лауреаттарды аныктоо менен Швецияда салттуу Нобел жумалыгы башталды.

XS
SM
MD
LG