Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ала-Тоо аянтынын жанына суу бүрккүч машиналар келди (видео)


Суу бүрккүч машина. Бишкек. 2020-жылдын 5-октябры.
Суу бүрккүч машина. Бишкек. 2020-жылдын 5-октябры.

Ала-Тоо аянты менен Эски аянттын ортосундагы жолдо суу бүрккүч эки машина турат. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдоодо.

Ошондой эле азыркы тапта Эски аянтта атайын жабдылган күч кызматкерлери жана машиналар турганын көрүүгө болот.

Шаардык мэрия да, милиция да бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Күч кызматкерлери аянтка тартылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:14 0:00


Бүгүн, 5-октябрда Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чагырууну талап кылган митинг өтүүдө. Анда бийликти, президентти сындаган, алардын кетишин талап кылган чакырыктар айтылууда.

Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры. Сүрөт интернеттен алынды.
Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры. Сүрөт интернеттен алынды.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. Ага катышкан 16 саясий партиянын төртөө жети пайыздык босогодон өттү.

Бүгүнкү митингде "Ата-Мекен", "Республика", "Замандаш", "Бир Бол", "Реформа", "Социал-демократтар", «Мекен Ынтымагы» жана «Чоң Казат» партияларынын лидерлери жана өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Шайлоо таза өтпөгөнүн, кайра шайлоо өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо бардык партияларга бирдей шарт түзүлгөнүн айтууда.

5-октябрда байкоочулар менен жолугушууда мамлекет башчысы Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен кыргыз өкмөтү пандемия шартына карабастан, жарандардын шайлоосу үчүн зарыл шарттарды түзө алышканын белгиледи. Ошондой эле ал шайлоо өнөктүгү учурунда бардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлүп, аларга шайлоочуларды программалары менен кеңири тааныштырууга мүмкүнчүлүк берилгенин маалымдады.

Шайлоону өткөрүүгө жооптуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров ар бир адам пикирин билдирүүгө укуктуу экенин, бирок баары мыйзам чегинде болушу керектигин "Азаттыкка" билдирди.

Суу бүрккүч машиналар 2019-жылы август айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерин аянттан кетирүүдө да колдонулган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG