Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

ИИМ аянтта ичимдик ичкендер жүргөнүн эскертип, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды


Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

Милиция Бишкектин Ала-Тоо аянтында чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы тараткан маалыматта митингдин катышуучуларынын арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандар бар экени белгиленди:

«Акцияга катышуучулардын арасында спирт ичимдиктерин ичип алып жүргөндөр, коомдук тартипти бузууга аракет кылгандар бар. Жарандардын ден соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болорун эске салабыз».

ИИМ жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында да митингге катышкандарды тарап кетүүгө чакырууда.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.

5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг өтүп жатат. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы айтылды.

Митингчилер шайлоодо добуш сатып алуу өтө көп болгонун, шайлоочулар коркутуп-үркүтүүгө кабылганын айтып, бул үчүн бийликти сындап жатышат.

Ушу тапта аянт адамдарга дээрлик толуп турат. Шаар бийлиги жана милиция чогулгандардын санын айта элек. Уюштуруучулар гана 15 миң адам чогулганын билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин айтты. Өкмөт мыйзам бузуу фактылары катталганын, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир эте албай турганын билдирди.

Ала-Тоо аянтынын тегерегинде күч кызматкерлери жана атайын техника, суу бүрккүч машинелер турат. (RK)

XS
SM
MD
LG