Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Митингчилердин бир бөлүгү президенттин жана парламенттин кеңсесине барышты


Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингчилердин бир бөлүгү президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имаратынын жанына келип, темир кашааларды аттап өтүүгө аракет кылышты. Имаратттын короосуна желим бөтөлкө, таштар ыргытылды.

Милиция алгач аларга тоскоолдук кылган жок. Бирок бир аздан кийин күч түзүмдөрүнүн аракети менен демонстранттар таркатылды.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.

5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг өттү. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан бул жараяндын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин айтууда.

Өкмөт мыйзам бузуу фактылары катталганын, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир эте албай турганын билдирүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санабоо үчүн тийиштү шарттар түзүлгөнүн жарялаган.

XS
SM
MD
LG