Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Ала-Тоо аянты митингчилерден бошотулду


Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

Бишкектин Ала-Тоо аянты митингчилерден бошотулду. «Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдагандай, аянтта азыр эч ким жок.

Аянттын тегерегинде милиция митингчилерди көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу каражаттарды колдонуп таратуусун улантууда.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.

5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг өттү. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы айтылды. Алар шайлоо ыплас өткөнүн белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин айтты. Өкмөт мыйзам бузуу фактылары катталганын, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир эте албай турганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG