Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:46

Феликс Кулов: Митингге чыккандарга каршы чагымчылар иштеди


Феликс Кулов. Архивдик сүрөт.

Мурдагы премьер-министр, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун пикиринде президенттин аппараты менен парламент жайгашкан имараттын кашаасын сындырып кирүүгө жана секирип өтүүгө аракет кылгандар - митингди уюштуруучуларга каршы иштеген чагымчылар.

«Туура эмес болду. Менимче, ал балдар беткап кийип, башын жаап келгени – бул чагым», - деди Феликс Кулов «Азаттыкка».

Саясатчы ошондой эле жарандардын тынч митинг өткөрүү укугуна Конституцияда кепилдик берилгенин, эгер акция тынч өтүп жатса, аларга күч түзүмдөрү тоскоолдук кыла албай турганын айтты.

Ал эми митингге чыккандардын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу талаптары боюнча Кулов төмөнкүлөрдү айтты:

«Биз укуктук мамлекетпиз деп жазылган. 100 миң, мейли миллион добуш айырма чыккан күндө да шайлоонун жыйынтыгын толук жокко чыгарууга негиз болчу мыйзам же берене керек. Укуктук негиз болушу зарыл. «Эл чыкты, каршы болуп жатат» деп жокко чыгаруу туура эмес. Эртең «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» чыкса эмне болот? Согуш башталабы? Ошондуктан, Боршайком кайсы шайлоо бекеттери боюнча күмөн саноо бар болсо, ошол жерде добуштарды кайра эсептеп чыгышы керек жана №2 форма менен добуш бергендер боюнча да текшерүү жүргүзүшү зарыл».

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.

5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг өттү. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы айтылды. Алар шайлоо ыплас өткөнүн белгилешти.

Кечинде милиция митингчилерди күч менен таратты. Анын алдында аянт тараптан барган адамдар тобу президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имараттын кашаасына чыгып, короосуна таштарды ыргытышкан болчу. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG