Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Бишкек: милиция менен демонстранттардын кагылышы уланууда


Бишкектин борбордук бөлүгүндө милиция кызматкерлери менен демонстранттардын ортосундагы кагылыштар уланууда. Бул тууралуу окуя болуп жаткан жерден “Азаттыктын” кабарчылары билдирди. Андагы маалыматтар боюнча борбор калаадагы Чүй-Исанов көчөсүндө, Кыргыз Улуттук филармониянын аймагында жана Киев-Орозбеков көчөлөрү тушта милиция көздөн жаш агызчу газ, кулак тундурчу гранаттарды колдонуп жатат. Демонстранттар болсо таштанды салган үкөктөргө өрт коюп, милиция кызматкерлерин көздөй таш ыргытышууда. Жол боюндагы бир нече автоунаа, имараттардын айнектери талкаланды. Учурда шаардын бул бөлүгүндө телефондук байланыш начар экени кабарланды.

Бүгүн Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери акцияга чыгышкан. Кечке жуук милиция акциянын катышуучуларын күч менен таратып, ортодо кагылыш чыкты.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Ала-Тоо аянтындагы митингди таркатуу учурунда 16 адам ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады.

Жараат алгандардын арасында парламент депутаты, «Ата Мекен» партиясынан талапкер Жанар Акаев, мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бар.

Ички иштер министрлиги митингди атайын каражаттарды колдонуу менен таркатууга туура келгенин кабарлаган.

Өлкөдөгү бир катар саясатчылар милициянын аракетин сынга алышууда.

XS
SM
MD
LG