Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:26

Жанарбек Акаев: Бийлик кырдаалды колдон чыгарды


Президенттик администрация. 6-октябрь, 2020-жыл.

Бул тууралуу «Азаттыктын» түз эфиринде Жогорку Кеңешке «Ата Мекен» партиясынын талапкери, учурдагы парламент депутаты Жанарбек Акаев билдирди. Анын айтымында, абалды жөнгө салуу боюнча бийлик кечигип жатат.

«Бийлик абалды жөнгө салуу боюнча бир күн кечке сүйлөшүүгө келген жок. Эртең саат 9да президент жолугуу өткөрөм дегени менен кечигип калды»,- деди Акаев.

Ошондой эле депутат кайрадан кийин шайлоого акыркы добуш берүүдө алдыга чыккан партиялар катышпашы керек экенин билдирди.

6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер Кыргызстандын президенти жана парламенти отурган имараттын жетинчи кабатына жетип, президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип кетишти.

XS
SM
MD
LG