Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Мурдагы президент Атамбаев абактан чыкканы кабарланууда


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Жазык кодексинин оор беренелери боюнча айып коюлган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылганы кабарланууда. Учурда жоон топ адам комитеттин Бишкектеги имаратынын алдында топтолуп турат.

Анын алдында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчөгө чыккан митингчилер президенттик администрациянын ичине кирип барышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы эле Бишкекте экенин 24.kg маалымат агенттиги мамлекет башчынын басма сөз катчысына шилтеме кылып кабарлады.

Атамбаев баштаган ондон ашуун киши бир офицердин өмүрүн алган Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткан. Быйыл июнда мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG