Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Митингчилердин өкүлдөрү талоончулукка жол бербөөгө элди чакырышты


Бишкек шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.
Бишкек шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.

Коомдук телеканалдын имаратына парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккан партиялардын 20дай өкүлү барып, түз эфирде элге кайрылып жатат.

Алар президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги кулаганын айтышты. Элди талоончулукка барбоого, мамлекеттин мүлкүн сактоого жардам берүүгө чакырышты.

КТРКнын жетекчилиги аларга түз эфир берүүгө макул болгон.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG