Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Өмүрбек Суваналиев өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди


Өмүрбек Суваналиев.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди. Ал “Азаттыкка” Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин, учурда коопсуздук, коомдук тартип тармагына көзөмөлгө алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын айтты.

“Учурда президенттин кайда экени боюнча маалыматым жок. Бирок Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары катары легитимдүү түрдө учурда аталган органды тейлеп жатам. Өлкөнүн коопсуздугу, коргоо тармагын координация кылып жатам. Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатат. Ал эми Бишкек шаарынын коменданты милдетин Курсан Асановго жүктөп жатабыз”-деди Суваналиев.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы өлкө башчысы Бишкек шаарында экенин айтууда.

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG