Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Кыргызстанды укуктук талаага кайтаруу үчүн Координациялык кеңеш түзүлдү


Кыргызстанда ири сегиз партиянын мүчөлөрүнөн куралган Координациялык кеңеш түзүлдү.

Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Маалымат жыйынга Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Жанар Акаев, Равшан Жээнбеков, Сапар Исаков, Алтынбек Сулайманов, Жеңиш Молдокматов, Азият Жекшеев, Мелис Турганбаев, Руслан Казакбаев катышууда. Бул кеңештин төрагасы катары Адахан Мадумаров шайланды.

Мадумаров өлкө конституциялык талаага кайтып келиши үчүн тез арада алтынчы чакырылыштагы парламентти жыйынга чогулуп, төраганы алмаштыруусу зарыл. Андан соң элдик ишенимдеги өкмөттү түзүшү керек.

“Бүгүн каалайбызбы, каалабайбызбы легитимдүү орган - өкмөт. Ошондуктан, мыйзамдуу талаада бүгүн парламент жыйынга чогулуп, өкмөттү түзүшү керек”, - деди Мадумаров.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев учурда парламенттин чукул жыйынын чакыруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышкан. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады.

XS
SM
MD
LG