Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Жалал-Абадда администрациянын алдына 100дөй адам чогулду


Жалал-Абад шаары, 7-октябрь, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаары, 7-октябрь, 2020-жыл.

Жалал-Абад облустук администрациянын алдына 100дөй адам чогулду. Алар өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахметов ордун бошотуп, жаңы өкүл келет деп күтүп жатышканын «Азаттыктын» кабарчысына билдиришти.

Чогулгандардын арасында күч түзүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү да бар. 6-октябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз арызы менен шаар башчылык кызматын тапшырды.

Бул маселени карап чыгыш үчүн атайын отурумга шаардык кеңештин 31 депутатынын 17си катышты. Алардын чечими менен убактылуу мэр болуп Нуртилек Орозбаев дайындалды.

Орозбаев бир ай мурун калаанын вице-мэри болуп дайындалган эле. Бул орунга ал «Ата Журт» фракциясынан барган. (TB)

XS
SM
MD
LG