Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Аксыдагы чатакта алты киши жабыркады


Аксы району, Кербен. Интернетте тараган сүрөт. 7-октябрь, 2020-жыл.
Аксы району, Кербен. Интернетте тараган сүрөт. 7-октябрь, 2020-жыл.

Аксы районунун борбору Кербен шаарынын администрациясынын алдына чогулгандар ортосунда чыр чыкты.

Бул маалыматты «Азаттыкка» Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев билдирди.

Бүгүн, 7-октябрда эртең менен райондук администрациянын алдына болжол менен 500дөй адам чогулган. Топтолгондордун арасында пикир келишпестик чыгып, бир тарабы акимди «кызматтан кетсин» десе, экинчи тарабы «анын кызмат орду мыйзамдуу жол менен каралсын» деген пикирин айткан.

Окуядан жабыркаган алты жаран райондук ооруканага жеткирилген. Алардын үчөө биринчи медициналык жардам алып чыгып кеткен.

Калган үч жаран сынык-жарак бөлүмүндө жатышат, биринин абалы оор экенин райондук бейтапканынын башкы дарыгери Медербек Осмонов билдирди.

Ал эми милициянын маалыматына караганда, окуя учурунда эки тарапты ажыратыш үчүн белгисиз жаран ок атуучу куралдан асманга үч жолу аткан. Тополоң 2020-жылдын 7-октябрь күнү Аксы райондук милициясында Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда окуяга катышуучуларды жана уюштуруучуларды аныктоо максатында ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Чырдашып жаткандар райондогу Кербен шаарынын жана Ак-Дөбө айылынын айрым жашоочулары экени айтылды.

Азыр Аксы районунун борборунда акимди кетирыш үчүн чогулгандар тарап кетишкени кабарланууда. Район акими өз каалоосу менен иштен кеткенин элге жарыялаганы тууралуу кабар тарады. Аким Эсеналы Ормоналиев бул маалыматты четке какты, бирок топтолгон эл тарап кеткенин ырастады. (TB)

XS
SM
MD
LG